12.11.2018 11:44

«Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырып баштоо боюнча келишимге кол коюлду

«Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырып баштоо боюнча келишимге кол коюлду

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети бүгүн, 12-ноябрда «Вега» ААК менен «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабын жүзөгө ашыруу  үчүн келишим түздү.  

Келишимдеги шартка ылайык, «Вега» 90 күндөн калбай фото жана видео фиксациянын биринчи аппараттык-программалык комплексин монтаждап бүтүшү керек. 

«Вега» мамлекеттик комитеттин депозиттик эсебине келишимди аткаруунун кепилдигин камсыздоо катары 245 миллион 713 миң  944 рубль төктү($3 миллиондон ашык).

Биринчи лот боюнча компания 1,125 миллиард сом, экинчиси боюнча — 1,195 миллиард сом сунуштаган.  Ишкана 38 жол кесилишине жана Бишкек — «Манас» аэропорту сыяктуу 52 ири жолго видеобайкоо орнотуп берүүнү убадалоодо.